БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго эми башка берене менен айып тагылып жатат. Бул тууралуу анын кылмыш ишин иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.
Анын айтымында, башында Башкы прокуратура Мадумаровду "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен айыптаса, эми аны "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренесине өзгөрттү.
"Кылмыш иши өзгөргөнү тууралуу Башкы прокуратура бүгүн маалымат берди. Биздин депутаттык комиссия да ишин бүгүн аяктады. Натыйжада комиссия бир позициядагы корутунду чыгарган жок, жалпы жыйынга депутаттардын кароосуна алып чыгууну чечти. Бир гана мен кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бербөөнү сунуштадым", — деди Масалиев.
Буга чейин комиссиянын төрагасы Айбек Осмонов беш ирет жыйынга чогулуп, кылмыш ишиндеги бардык материалдар иликтенгенин билдирген. Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү же четке кагуу маселеси бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында каралары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берип чыккан. 10-февралда башкы прокурор парламенттен эл өкүлүн жоопко тартууга макулдук берүүнү өтүнгөн. Мындан улам кылмыш ишин иликтөө үчүн алты депутаттан турган комиссия түзүлгөн.