Кыргызстандын мектептеринде беткап тагынуу эрежеси алып салынды

Колду тез-тез жууп туруу жана дезинфекциялоо сыяктуу санитардык ченемдер сакталып калат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мектептеринде милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежеси алып салынды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб билдирди.
Мындай чечим COVID-19 боюнча кырдаал салыштырмалуу турукташып калгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

"Кыргызстандын мектептеринде беткап тагынуу мындан ары милдеттүү түрдө болуп саналбайт. Бул окуучулардан тышкары билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тийиштүү. Чечим бүгүн, 3-мартта, COVID-19 боюнча Республикалык штаб тарабынан кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми колду тез-тез жууп туруу жана дезинфекциялоо сыяктуу санитардык ченемдер сакталып калат.
Радио
Маматов: мектепке электрондук каттоо быйыл эки этап менен жүргүзүлөт