300-500 млн. доллар... Кыргызстан БАЭге ипотеканы каржылоону сунуштады

БАЭ кыргыз тарап сунуштаган долбоорлорду карап чыгып, аларды кенен талкуулоо үчүн өлкөгө эксперттердин делегациясын жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Абу-Даби өнүктүрүү фондуна Кыргызстан менен Мамлекеттик ипотека программасы боюнча кызматташуу сунушталды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмирлигине болгон расмий сапарынын алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувэйди менен жолуккан.
Министр БАЭнин көңүлүн бир нече долбоорду ишке ашырууга бурганы айтылды:
чакан ГЭСтерди жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу;
Ысык-Көлдүн туристтик зонасында ири объектилерди куруу;
Талас облусунда жаңгак менен төө буурчакты, эт жана сүттү кайра иштетүү, ошондой эле топоз, балык жана үй канаттууларын өстүрүү, айыл чарба тоюттарын өндүрүү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана консерва кылуу;
Өлкөнүн бардык аймактарында соода-логистикалык борборлор тармагын куруу;
"Мамлекеттик ипотекалык компания" долбоору аркылуу жеткиликтүү турак жай курууну ишке ашыруу, буга 300-500 миллион доллар керектелет. Эмирликтин кызматташуу сунушун карап чыгууга даярдыгын эске алуу менен долбоордун документтеринин пакети тапшырылды.
Фонддун башкы директору кыргыз тарап сунуштаган долбоорлорду карап чыгып, аларды кенен талкуулоо үчүн БАЭ эксперттеринин делегациясын Кыргызстанга жөнөтүүгө даяр экенин билдирген.
Мамлекеттик ипотекалык компания эки багыт боюнча кредит берүүнү жандантты
Казакбаев БАЭге визасыз режимге өтүүнү сунуштады. Көтөрүлгөн маселелер