Бопуш, Саяк, Саякбай болуп жашай берет. Марат Жантелиев 61 жашка чыкмак...

Бүгүн кыргыз киносунун, театрынын жылдызы Марат Жантелиевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан актёрдун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Марат Жантелиев 1961-жылы 3-мартта Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Лахол айылында туулган. Элеттеги орто мектепти аяктаган соң үйдөгүлөрдүн каршылыгына карабай Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтуна (ВГИК) тапшырып, аны артыкчылык менен бүтүргөн. Кийин белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" тасмасында Саяк аттуу оорулуу баланын ролун аткарып тушоосу кесилген. Андан соң бир катар кинокартиналарда образ жаратып, эл арасында тааныла баштаган.
Актёр Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 20 жылдан ашык эмгектенген. КРдин эмгек сиңирген артисти өзүнүн эмгек жолунда театр менен кинону бирге алып жүргөн. Сахнада Бопуш деген ылакап ат менен таанылса, тасмада селсаяк (бомж), Каке, Саякбай болуп бир топ тасмаларды көрккө бөлөгөн.
Жеке жашоосунда жубайы Асел Дооронбаева экөө бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн.
Марат Жантелиев 2020-жылдын 9-июнунда оорудан улам көз жумуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Актёрдун көзү тирүү болгондо быйыл 61 жашка толмок.
1 / 13

Марат Жантелиев Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтун артыкчылык менен аяктаган

2 / 13

КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова, "Ак илбирстин тукумун" тартуу учуру

3 / 13

Улууларды жандаган жаш талант. Оң жакта биринчи турган Марат Жантелиев

4 / 13

Жаш актёр режиссёр Үсөнжан Ибрагимовдун фильмине катышкан

5 / 13

Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" киносунда 22 жаштагы актёр Саяктын ролунда

6 / 13

КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган учуру. Президент Сооронбай Жээнбеков менен

7 / 13

Актёр залкар манасчы Саякбай Каралаевдин образында

8 / 13

Актёр Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 20 жылдан ашык роль аткарган

9 / 13

Сакиш жана Бопуш ылакап аты менен таанылган Айнура Тургунбаева менен Марат Жантелиев

10 / 13

Таланттуу актёр акыркы тартылган тасмаларынын биринде башкы ролдо

11 / 13

Артист 2020-жылы 59 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан

12 / 13

Актёр "Президент жана бомж" тасмасында, "Чиркин өмүр" сериалында, "Мосфильм" студиясынын "Очарованный странник" кинокартинасында тартылган

13 / 13

Актёрдун көзү тирүү болгондо быйыл 61 жашка толмок