Бишкектеги хоккей: алгачкы оюнда Малайзия Кувейтти утту

Өлкө тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Эң алгачкы оюнду Малайзия менен Кувейт өткөрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Малайзия Кувейттин командасын упай эсебинде утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Оюндун биринчи бөлүгүндө Кувейт бир упай алган, экинчи жана үчүнчү бөлүктө Малайзия алдыга чыгып, 5:2 упай эсебинде жеңишти камсыздаган.
Жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Ирандын командалары муз үстүнө чыгат.
Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын, Кувейттин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Ирандын командалары күч сынашат. 3-мартта башталган оюн 8-мартта аяктайт. Командалар бирден айлампа оюн өткөрүшөт.
Жапаров Эл аралык хоккей федерациясынын президентине Достук орденин берди
Коронавирустан улам Канададагы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты токтотулду