"Баланы мектепке электрондук каттоо быйыл эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта мектеп жайгашкан аймакта катталгандардын жашаган жери боюнча каттоо 11-апрелде башталып, июндун соңку жумасында бүтөт. Бул жерде микроучасток эске алынат. Мисалы, Бишкекте катталсаңыз дагы сиз каалаган мектеп менен катталган районуңуз дал келиши керек. Андай болбосо экинчи этапка каласыз. Бул учурда биринчи этап менен кирчүлөргө система көрсөткөн дарекке ылайык мектепти автоматтык түрдө чыгарат. Эгер ата-эне баланы башка мектепке берүүнү кааласа, анда экинчи этапты күтүшү керек. Ал эми экинчи этапта факт боюнча катталгандар 27-июндан баштап августтун аягына чейин балдарын мектепке каттатат. Эгер үйгө жакын жердеги мектептен орун калбай калса, анда ата-эне баланы башка жакыныраак, орун бар мектептерге бере алат. Баланы 1-класска каттоо үчүн системага mektep.edu.gov.kg дареги менен кирип, ата-энесинин биринин, баланын документте жазылган маалыматтарын жана ПИН номерин терүү керек. Ошондой эле өлкөдөн сырткары жүргөн ата-энелер балдарын электрондук түрдө каттай алат. Андан тышкары, ата-эне электрондук почта ачып коюусу зарыл. Анткени мектеп тууралуу маалымат ошол почтага келип турат", — деди Маматов.