Жарык улам өчүп турат. Министрликтин электр кубаты боюнча эскертүүсү

Министрликтин маалымат катчысы электр жарыгын өчүрүү боюнча алдын ала кабарлап турушарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова өлкө боюнча электр энергия жаатында оңдоо иштери башталганын айтып, мындан улам өчүрүүлөр болуп турарын Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"Республика боюнча подстанция, трансформатор, электр чубалгыларын оңдоо иштери башталды. Убактылуу өчүрүүлөр болот", — деп жазган Зоотбекова.
Ал электр жарыгын өчүрүү боюнча алдын ала кабарлап турарын белгилеген.
Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыга алат? Ойлонтчу видео