Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рогозин: РФтин космостук спутниктерин иштен чыгаруу үчүн хакердик чабуул болду

"Роскосмостун" башчысы коопсуздук система бардык чабуулдардын мизин кайтаргандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Украиналык хакерлер тарабынан Россиянын космостук тобун нөөмөттөн чыгаруу аракеттери болгонун айтышты, бул согуш чыгарууга жасалган кадам. Бул туурасында "Роскосмостун" башчысы Дмитрий Рогозин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украиналык хакерлердин Россиянын космостук тобун нөөмөтчүлүк кылып жаткан иш ыргагынан чыгаруу далалаты — casus belli, тагыраагы, согуш чыгарууга жасалган аракет. Бул өтө катуу жазалана турган кылмыш. Чабуулду кимдер жасагандыгын издейбиз. Зарыл болгон бардык материалдар ФСБ, Башкы прокуратура жана Тергөө комитетине берилет", — деп айтты ал.
Рогозин "Роскосмостун" коопсуздук системасы бардык чабуулдарды кайтаргандыгын билдирди.
Sputnik Кыргызстан сайтка чыккан маалыматтар менен агенттиктин кыргыз тилиндеги Telegram каналынан окуп, таанышып турсаңыздар болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россиянын Украинадагы операциясы боюнча фейктердин артында НАТО турат
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунда: НАТО Россия менен жаңжалдашабы?