Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Россия бүгүн кечинде Украина тарапты сүйлөшүү үчүн күтөт

Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы раунду Беларустун Гомель облусунда өтүп, делегациялар жетекчилик менен кеңешүү үчүн тарашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россиянын делегациясы сүйлөшүүлөр үчүн Украина тарапты бүгүн, шаршембиде, кечинде күтмөй болду. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Чындыкка туура келбеген маалыматтар айтылып жатат. Мен тактай кетсем, бүгүн кечке жуук биздин делегация болжолгон жерде Украина тарапты сүйлөшүүлөр үчүн күтөт. Абалды жөнгө салууга бардык аракеттер көрүлөт. Ал тууралуу буга чейин президент бир нече жолу айткан", — деди Песков.
Бирок маалымат катчы жолугушуу кайсы жерде болорун ачыктаган жок.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирген.
Андан соң Украина тарап сүйлөшүүнү сунуштап, Россия макул болгон. Алгачкы раунд Беларустун Гомель облусунда өтүп, делегациялар жетекчилик менен кеңешүү үчүн тарашкан. Ушуга чейин сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду күтүлүп жаткан.
Ал ортодо Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы уланууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Россияда финансылык туруктуулукту сактоо боюнча документке кол койду
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунда: НАТО Россия менен жаңжалдашабы?