Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу Украинадагы атайын аскердик операциянын башкы максатын атады

Сергей Шойгу россиялык армия Украинадагы жай жашоочулардын өмүрүн жана коопсуздугун сактоо үчүн бардык чараларды көрө тургандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россия армиясынын Украинадагы атайын операциялары коюлган башкы максатка жетмейин улана берет, башкы милдет — Россияны Батыш тараптын тышкы кооптуулуктарынан сактоо. Бул туурасында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу айткандыгын РИА Новости жазды.
Анын айтымына караганда, аскердик атайын операция "Донбасстын элин коргоо жана Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо" үчүн жасалып жатат.
"Биз үчүн Россияны Батыш өлкөлөрүнөн келип жаткан согуш кооптуулуктарынан сактоо маанилүү, алар украин элин биздин өлкөгө каршы коюуга аракет кылып жатышат. Россиянын армиясы Украинанын жерлерин басып алып жаткан жок, жөнөкөй жашоочулардын өмүрүн жана коопсуздугун сактоо үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Чабуул жогорку тактыктагы куралдардын жардамы менен аскердик объектилерге гана урулуп жатат", — деген Шойгу.
24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операцияларды баштаган. Россиянын Коргоо министрлиги жай жарандарга эч кандай кооптуулук жаралбастыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Украинадагы операциясы. 1-мартка караган түнү болгон окуялар