Садыр Жапаров: Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү

Президент алтын өз кунун сом, доллар сымал жоготпой турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйгөнүн Facebook баракчасына жазды.
Эске салсак, кечээ президент дүйнөлүк рыноктогу кырдаалга байланыштуу билдирүү жасап, анда акчасы барларды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган.
"Кечээ акчасы барларга "каражатты алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт" дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө акчаны кагаз түрүндө сактагандан көрө алтын менен сактасаңыздар жүз жылдан кийин дагы күйбөйсүздөр", — деген Жапаров.
Ал Кыргызстанда акчасын чет өлкөлүк банк же үйлөрүндө сактаган жарандар көп экенин да белгилеген.
Бөлүнгөн акча баарыңарга жетпейт! Садыр Жапаров дыйкан, фермерлерге кайрылды