Россия ЖОЖдорунда 8 миң кыргызстандык окуйт. Стипендия көйгөйү жаралган жокпу

Россияда сегиз миңден ашык кыргызстандык билим алып жатса, анын ичинде 5,3 миңи бюджеттик бөлүмдө окуйт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиянын университеттеринде билим алып жаткан чет элдик студенттер стипендиясына кам санабай эле койсо болот. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү жана жогорку билим министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Бир дагы окуу жайдын ректоратына стипендия тууралуу чет элдиктерден даттануу түшкөн жок. Түзүлгөн кырдаалга карабай студенттер өздөрүнүн стипендиясын "Мир" картасы аркылуу ала алышат. Аталган картага эч бир чектөөлөрдүн тиешеси жок жана Россиянын аймагында тоскоолдуксуз иштеп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Россияда сегиз миңден ашык кыргызстандык билим алып жатса, анын ичинде 5,3 миңи бюджеттик бөлүмдө окуйт.
Белгилей кетсек, Батыш өлкөлөрү Россиянын банктык системасына тиешелүү санкцияларды киргизген. Мисалы, бүгүн Америкалык Mastercard корпорациясы Россиянын айрым финансылык мекемелерине төлөм системасына кирүүгө бөгөт койду.
Радио
Кожобеков: эми ОшМУнун студенттери Россиянын да дипломуна ээ болот