БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин россиялык курулуш компанияларына Батыштын санкцияларынан улам Азия мамлекеттеринин курулуш материалдар рыногуна көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу Прайм ресурсу жазды.
"Жакынкы аралыкта биз Европадан эч нерсе албайбыз", — деген Хуснуллин.
Вице-премьердин айтымында, бийлик (Россия – ред.) учурда Азия рыногу менен өз ара кызматташууну колдоо чараларын иштеп чыгып жатат.
2022-жылдын 24-февралында таңдан тарта Россия Украинаны куралсыздандыруу боюнча атайын операция баштады. Президент Владимир Путин элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ага аталган республикалардын жетекчилеринин Россия лидеринен жардам сураганы себеп болгон. Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украина бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган.
Чыңалган кырдаал олуттуу кесепеттерге алып келе баштады. АКШ жана Батыш өлкөлөрү, дүйнөлүк ири уюмга мүчө болгон бир нече өлкөлөр Россияга каршы чектөөлөрдү киргизүүдө. Бул ар кыл тармактарды камтыды. Алардын арасында спорт, экономика, байланыш, гуманитардык багыттар бар.