Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Россиянын Украинадагы операциясы боюнча фейктердин артында НАТО турат

Мамлекеттик думада РФ Куралдуу күчтөрү тууралуу фейк маалымат жайылткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиянын Украинага жасаган атайын операциясы тууралуу ири көлөмдөгү жалган маалыматтарды жаратуунун артында НАТО турат. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова

"Фейктердин топтошкон агымы. Азыр ошонун баары биздин маалыматтык мейкиндикке кирип жатат. Мунун артында атайын кызматтар турат, жөн эле бир ойлоп табылган нерсе эмес. Бул биргелешкен каршылык, алар Брюсселден башкарылып жатканы талашсыз. Буга НАТОнун инфраструктурасы тартылган", — деди Захарова.

Ал арада Мамлекеттик думанын Коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Василий Пискарев РФ Куралдуу күчтөрүнүн аракеттери тууралуу фейк маалымат жайылткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканын билдирди. Аны бардык макулдашуулардан кийин депутаттардын кароосуна киргизет.
Документте мындай кылмыштар үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы эми экономикалык согуш ачты
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон башчысынын экс-кеңешчиси: Путин мындай болорун 15 жыл мурун эскерткен