Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Disney, Volkswagen, Mastercard... Россияга санкция жарыялаган бренддердин тизмеси

Дүйнөгө аты чыккан ири ишканалар 1-марттан баштап өз продукцияларын жана кызматтарын Россиянын аймагында көрсөтпөй турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Украинадагы кырдаалга байланыштуу бир катар өлкөлөр жана алардагы дүйнөлүк бренддер Россияга каршы чектөөлөрдү киргизди.
Алар:
Япония өкмөтү Россиянын жетекчилигине каршы персоналдык санкция жарыялады. Алардын арасында президент Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу бар;
Volvo, General Motors, Volkswagen автоконцерндери жана АКШлык мотоцикл, аскердик техника өндүрүүчү Harley-Davidson компаниясы өз продукциясын Россияга чыгарбай турган болушту;
Айтылуу Walt Disney Company компаниясы өз фильмдерин Россиянын кинотеатрларында прокатка чыгарууну токтотту. Ошондой эле Warner Bros. компаниясы "Бэтмен" фильминин бет ачарына бир күн калганда фильмдин Россияда көрсөтүлбөй турганын жарыялады;
American Airlines авиакомпаниясы Россиянын "Аэрофлот" жана S7 компаниялары менен кызматташуусун белгисиз мөөнөткө токтотту;
Америкалык Mastercard финансылык корпорациясы Россиянын айрым финансылык мекемелерине төлөм системасына кирүүгө бөгөт коюп койду;
Спорттун беш түрүнөн мелдешүү боюнча эл аралык бирикме (UIPM) Россия менен Беларустун спортчуларына эл аралык мелдештерге катышууга тыюу салды;
АКШнын алты штаты россиялык "Серп и Молот", "Белуга" жана "Русский стандарт" бренддеринин ичимдиктеринен баш тартты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы эми экономикалык согуш ачты