Улуттук банк Кыргызстандагы инфляция боюнча божомолун айтты

Кыргызстанда баалардын динамикасына дүйнөдө азык-түлүк менен күйүүчү майдын кымбатташы таасир этип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда баалардын динамикасына дүйнөдө азык-түлүк менен күйүүчү майдын кымбатташы таасир этип жатат.
"18-февралда инфляциянын жылдык көрсөткүчү 10,6 пайыз болду. Жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өстү. Динамика көбүнесе өнөктөш өлкөлөрдөгү шартка жараша өзгөрүп турат. Мисалы, биз негизинен Россия жана Казакстан менен соода кылабыз. Региондогу геосаясий абалды эске алганда Кыргызстандын соода тармагында анча чоң өзгөрүү болгон жок. Анткен менен дүйнөлүк финансы рыногундагы туруксуздук инфляциялык жактан кошумча күч келтирүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Улуттук банк тышкы экономикалык силкинүүлөргө туруштук берип жана инфляцияны ооздуктоо максатында акча-кредиттик шарттарды (эсептик ставка 8,5-10 пайыз) катаалдаштырууну улантууда. Учурда акча рыногунда абал туруктуу кармалып турат.
Бүгүнкүдөй шартта Улуттук банктын саясаты баанын туруктуулугун кармап турууга багытталган. Башкача айтканда, башкы банк 2022-жылы инфляцияны 12 пайыздан ашырбоого аракет кылат.
Улуттук банктын валюта рыногундагы абал боюнча брифинги. Урунттуу учурлар