Монополияга каршы кызмат нефтетрейдерлерге бир нече сунуш айтты. Тизме

Тараптар баа, күйүүчү майдын запасы менен ташуу жолдорун жана азыркы оор кырдаалдан чыгуу айласын талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы рынокто түзүлгөн кырдаалга байланыштуу нефтетрейдерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, тараптар баа, күйүүчү майдын запасы менен ташуу жолдору, ошондой эле азыркы оор кырдаалдан чыгуу айласын талкуулашты.
Жыйынтыгында күйүүчү май ташыгандар дагы, жарандар дагы зыянга учурабаш үчүн нефтетрейдерлерге төмөнкү сунуштар берилди:
зыян келбеген деңгээлге чейин бааларды тууралоо менен анын тез өсүп кетүүсүн ооздуктап туруу;
күйүүчү майдын запасын топтоп, бензин тартыштыгын алдын алуу;
май куюучу жайларда бензинди жеткирбей куюп, керектөөчүлөрдүн укугун бузууга жол берилбеши керек;
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы байланышта болуп, рынокто абал өзгөрүп кетсе дароо маалымат бериши зарыл.
Кыргызстанда доллардын курсу кантип аныкталат? Түйшөлткөн 7 суроого жооп