Доллардын курсунун өсүшү импорттук буудайдын баасына таасир этеби?

Кыргызстан буудайдын импортунан көз каранды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушев өлкөдөгү буудай боюнча кырдаал тууралуу Sputnik агенттигине айтып берди.
Бейшемби күнү доллар 10 сомго жогорулап, 95 сомго жетти. Кийин бир аз түшүп, бирок дүйшөмбүдө кайра өстү. Кээ бир банктарда 97 сомго чейин жетти. Белгилей кетсек, Кыргызстан импорттон көз каранды. Анын ичинде буудай дагы бар. Өлкө көпчүлүк товарларды доллар менен сатып алат.
Тегирменчилер комитетинин төрагасынын кебин тезис менен беребиз:
Кыргызстан буудайды негизинен Россиядан импорттойт;
Буудай көбүнчө рубль менен сатып алынат;
Өндүрүшчүлөр буудайга болгон бааны жогорулап кеткен курска "теңеш" үчүн кымбаттатышат, бирок өтө эмес. Бирок бул дагы божомол. Сатуучулар бааны жума соңуна чейин айтышат, ошондо белгилүү болот.
Учурда Кыргызстанда унга болгон баа стабилдүү. Биринчи сорттогу ундун килограммы 29-30 сомдон сатылууда. Бул ун январда сатып алынган буудайдан алынган;
Тегирмендерде бир жарым айга запас бар;
Тегирмендер министрлер кабинети менен болгон келишимдин негизинде иштеп жатышат (ун менен буудайдын запасын кармоо, жумушчу орундарды калыбына келтирүү, маржанын 10 пайыздык чегинен ашырбоо).
Монополияга каршы кызмат нефтетрейдерлерге бир нече сунуш айтты. Тизме
Кыргызстанда доллардын курсу кантип аныкталат? Түйшөлткөн 7 суроого жооп