БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Талантбек Сооронбаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Билдирмеге караганда, аталган документке саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кол койгон. Буга чейин Сооронбаев аталган борбордун пульмонология бөлүмүн жетектечү.
"Сооронбаевге Улуттук кардиология борборунун жетекчисининин милдети убактылуу жүктөлдү. Ал жаңы директор дайындалганга чейин документтерге кол коюп турмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Улуттук кардиология жана терапия борборуна Мамыраим Жумабаев жетекчи болуп келген. Ага чейинки директору Акпай Сарыбаев 2021-жылдын ноябрь айында кызматынан алынган.