Туу күнүнө карата "Ала-Тоо" аянты кайрадан жабылды. Видео

Башкы аянтта мамлекеттик туунун 30 жылдыгына карата өтө турган иш-чарага даярдык жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты Мамлекеттик туу күнүнө даярдык көрүүнүн алкагында кайрадан жабылды.
Учурда Чүй проспектинде жол кыймылына чектөө бар.
Аянтта КРдин Куралдуу күчтөрүнүн жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери парадга даярданып жатышат. Видеодон Улуттук гвардиянын аскерлери чоң желекти көтөрүп басып жатканын көрүүгө болот.
1 / 2

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты Мамлекеттик туу күнүнө даярдык көрүүнүн алкагында кайрадан жабылды

2 / 2

Учурда Чүй проспектинде жол кыймылына чектөө бар.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент 1992-жылы 3-мартта кабыл алган. Быйыл ага 30 жыл толот.
Ак калпак — кыргыздын улуттук баш кийими. Калпак күнүнө карата кызыктуу баян