Радио

Момунова: Орто Азияда алыш күрөшүндө кыргызстандык балбан кыздар алдыда

Алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Мээрим Момунова Орто Азияда кыргызстандык балбан кыздар күчтүү экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстандык спортчуларга эл аралык мелдештерде ирандык жана түркмөнстандык балбан кыздар катуу атаандаштык көрсөтүшөт. Анткени мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулуп, колдоо жогорку деңгээлде. Бул тууралуу Мээрим Момунова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алыш күрөшү Азия оюндарынын программасына белгисиз себептерден улам кирбей калды.
"Алыш күрөшү Азия жана Европа мамлекеттерине чейин кулачын жайып, учурда көп адамдар бул спорт менен машыгып жатат. Эл аралык мелдештер уюштурулуп, жылдан-жылга деңгээли жогорулап баратканы кубандырат. Мисалы, турнирлерде Иран жана Түркмөнстандын балбан кыздары кыргызстандык спортчуларга күчтүү атаандаштык жаратып келет. Ал эми Орто Азияда кыргыз кыздары алдыга эч кимди салбайт. Учурда спортчулар Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүүдө. Алыш күрөшү Азия эле эмес, Европада да акырындык менен кеңири тарап жатат. Тилекке каршы, алыш Азия оюндарынын программасына белгисиз себептерден улам катталган жок", — деди Момунова.
Ошондой эле спортчу учурда Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук курама команда аныкталып, кызуу даярдык жүрүп жаткандыгын кошумчалады.