Түркиядагы турнир: кечээ кыргызстандыктар бир алтын, үч коло алды. Видео

Спортчуларды сыйлоо аземине КРдин Күрөш федерациясынын президенти, UWW Asia уюмунун аткаруу комитетинин мүчөсү Мелис Турганбаев катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Түркиядагы Yasar Dogu эл аралык турниринин эркин күрөш мелдешинде алтын медаль утту.
Спортчу финалда грузиялык Бека Буджиашвили менен кез келген. Бирок атаандашы килемге чыкканда жаракат алганын билдирип, буга байланыштуу жеңиш автоматтык түрдө кыргызстандыкка ыйгарылган.
Сманбековду сыйлоо аземине КРдин Күрөш федерациясынын президенти, UWW Asia уюмунун аткаруу комитетинин мүчөсү Мелис Турганбаев катышып, спортчуларга медалдарын тагып, куттуктаган.
Ошондой эле Кыргызстандагы белгилүү балбандардын бири Улукбек Жолдошбеков эл аралык турнирде үчүнчү орунга ээ болду.
Мындан сырткары, коло медалды Арсалан Будажапов да тагынды.
Исламбек Орозбеков да намыска жарап, коло медалды камсыздады.
Беделдүү эл аралык Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турнири Түркиянын Стамбул шаарында өтүүдө. Рейтинг топтоочу мелдеш бүгүн, 28-февралда, аяктайт.
Буга чейин ушул эле турнирде Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова күмүш алган.
Укмуш ыкмаларды жасап... Айпери Медет кызы Түркиядагы турнирден алтын алды. Видео