Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сирия ДЭР менен ЛЭРди таанууга даяр экенин билдирди

Сирия Батыштын 70-жылдардан бери салынып келе жаткан санкцияларынан коркпойт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Сирия Донецк менен Луганск элдик республикаларын таанууга даяр. Бул тууралуу Сириянын президентинин атайын кеңешчиси Луна Шибль РИА Новостиге курган маегинде билдирген.
Анын айтымында, Дамаск Батыштын санкцияларынан коркпойт.
"Эки республиканы тааныгандан кийин бизге санкциялар киргизиле баштайт деген божомолдор бар. Бирок Сирияга өткөн кылымдын 70-жылдарынан бери санкциялар колдонулуп келет. Батыш менен мамиле жакшырганда дагы санкциялар жокко чыгарылган эмес. Бүгүнкү күндө дагы көпчүлүк тармактарга санкциялар колдонулган. Эгер биз алардан корккондо канча деген чечимдерди кабыл алмак эмеспиз. Санкциялар бизди принциптерден баш тартууга мажбурлай албайт", — деди Шибль.
Сирия лидеринин кеңешчиси Дамаск Донецк менен Луганск эл республикаларын эки ай мурда эле таанууга даяр экенин билдиргенин эскерткен.
Ал ошондой эле кырдаал турукташкандан кийин Дамаск ДЭР жана ЛЭР менен кызматташууну өркүндөтө турганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын делегациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска келди