Россиянын борбордук банкы негизги ченди 20 пайызга чейин көтөрдү. Себеби

Чендердин жогорулашы инфляция темпин жайлатып, анан башка да бир катар маселелерди чечерин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Россиянын Борбордук банкы шашылыш түрдө Директорлор кеңешин жыйынга чогултуп, негизги ченди 20 пайызга чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тарыхый жаңы чек болуп калды деп жазды РИА Новости.
Мурдагы негизги чен 9,5 пайыз эле.
"Россия банкынын Директорлор кеңеши 2022-жылдын 28-февралынан тарта жылдык негизги ченди 20 пайызга көбөйтүү чечимин кабыл алды", — деп айтылган маалыматта.
Жүргүзүлгөн акча-кредиттик саясат инфляция темпин жайлатуу үчүн кабыл алынган. Мындан сырткары, бул кадам улуттук валютанын курсун бекемдеп, кредиттер менен депозиттик салымдардын пайыздарын жогорулатышы мүмкүн.

Маанилүү чен

Негизги чен — Борбордук банк коммерциялык банктарга бир жумага берген кредит, аны менен депозитке салынчу каражаттар кабыл алынган эң төмөнкү пайыздык коюм. Анын көлөмү инфляциянын деңгээлине таасирин тийгизет. Негизги ченди 2013-жылдын 13-сентябрында акча-кредит саясатынын аспабы катары киргизишкен. Бул ачыктыкты жогорулатып, бааны турукташтырууда инфляцияны ооздуктоо үчүн жасалган кадам болгондугу РИАнын маалыматында айтылган.
Экономикалык теорияда чен канчалык өйдө болгон сайын, коммерциялык банктар элге берген кредитине ошончолук жогору пайызды алып турары же тескерисинче болору айтылган. Эсептик ченди адатта инфляцияны төмөндөтүү үчүн коюшат, бирок аны менен катар эле экономиканын өсүү темпи начарлайт.

Санкциялар

Украинада атайын аскердик операциялар башталгандан тарта Батыш Россияга каршы жаңы санкцияларды жарыялады. Ага россиялык ири Сбербанк менен ВТБ банктары да туш болду. Мамлекеттик бир катар компаниялар үчүн чет элдик капиталды алып келүү оорлоду.
Россияга жогорку технологиялык продукцияларды алып кирүүгө да санкция салынды. Германия "Түндүк агым-2" газ түтүгүн сертификатташтырууну токтотту.
Москва жаңы санкциялардын толкунуна мурдатан даярдалган пландын алкагында чектөөгө алынган бизнеске, экономиканын токтоп калбашына зарыл көмөк көрсөтөрүн айтты. Өкмөт жооп катары чараларды даярдап жаткандыгы белгилүү болду, бирок азырынча кандай экени айтыла элек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФтин Украинадагы аскердик операциясы: 28-февралга караган түнү эмнелер болду
Мамдума: Россиянын эл аралык резервине санкция киргизүү уурулукка жатат