Ошто туризмди өнүктүрүүгө 6 млн. доллар бөлүндү. Жасалчу иштердин тизмеси

Эл аралык донордон келген каражатка бир топ долбоорлорду ишке ашыруу пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ош шаарындагы туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 6 миллион доллар бөлүндү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган банктын Ош облусунда жана шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун Байкоочу кеңешинин отуруму өтүп, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берилген.
Ага ылайык төмөнкү иштер жасалат:
Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасындагы муниципалдык жерлерге туристтик–архитектуралык инсталляцияларды куруу;
Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу паркындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;
Алишер Навои атындагы парктын бир бөлүгүнө эс алуучу аймак куруу;
Ош шаарынын борбордук аянтын реконструкциялоо;
Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн долбоорлоо жана куруу.
2-этапта Нурматов көчөсүндөгү көпүрөдөн баштап А.Навои көчөсүндөгү "Достук" көпүрөсүнө чейин жасалат.
Долбоорлор Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү агенттиги (АРИС) аркылуу ишке ашырылат.
Мэрия Ош шаарын даңазалап, туристтерди чакырган роликтерди жарыялады
Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө 1 млрд. сом бөлүндү