БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева ушу тапта чет өлкөлүк валютаны сатып алуудан карманууга чакырды.
Ага брифинг учурунда "азыркы кырдаалга байланыштуу доллар сатып алуу керекпи?" деген суроо узатылган.
"Эң жөнөкөй сунуш — паникага алдырбаш керек. 24-февралдан берки көрүнүш — бул көбүнчө психологиялык фактор менен рыноктун катышуучуларынын күтүүсү", — деди Карабаева.
Ал 24-февраль күнү доллардын баасы 95 сомго жетип, кийинки күнү 89-90го түшкөнүн эскертти.
Ал ошондой эле паникага алдырып чет элдик валюталар боюнча кандайдыр бир операцияларды жүргүзбөй турууну сунуштады.