БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы бүгүн юридикалык жактардын бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү экенин эске салды.
"28-февралда юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт", — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.
Эске салсак, салык декларациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
Толук маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.