Евробиримдик асманын Россиянын самолёттору үчүн толук жапты

Документте өзгөчө кырдаалда гана конууга уруксат берилери жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Евробиримдик Россия учактарына аймагынан учуп өтүүгө, учууга жана конууга тыюу салууда. Бул тууралуу ЕБдин расмий журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.
"Россия пайдаланган, Россияда катталган, ал тургай катталбаган жеке жана юридикалык жактардын, уюмдардын жана органдардын чартердик бардык аба кемелерине тыюу салынууда. Алар биримдиктин аймагынан учуп өтө албайт жана ал жакка коно албайт", — деп айтылат маалыматта.
Документте өзгөчө кырдаалда гана конууга уруксат берилери жазылган.
Еврокомиссия RT менен Sputnik агенттигинин ишин токтотууну сунуштады
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
SWIFT: Кыргызстандын банктары кыйчалыш абалга кептелбейби? УБнын жообу