БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкекте жылуулук берүү азырынча токтотулбайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет шаардыктардан жылуулук берүүнү токтотуу боюнча билдирүүлөр келип жатканын белгилеген.
"Мэрия аба ырайына көз салып турат. Бүгүн түнү абанын температурасы төмөн болду. Адатта жылуулук берүү сыртта абанын температурасы беш сутка катары менен +8 градус болгондо гана өчүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам мектеп, бала бакча, оорукана жана үйлөргө жылуулук берүүнү токтотуу али эрте экенин айтылып, эгер күн катуу ысып кетсе, маселени атайын штаб карай турганы кошумчаланды.