Россиядагы Кытай элчилиги АКШны дүйнөгө кооптуулук жараткан өлкө деп атады

Элчилик Америка бийлиги согуштун отун тутанткан 33 өлкө саналып, түзүлгөн тизмеге комментарий кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россиянын Кытайдагы элчилиги дүйнөгө анык коркунуч жараткан өлкө АКШ деп атады. Бул тууралуу аталган дипмиссиянын Twitter тармагындагы баракчасына жазылган.
"Дүйнөгө чыныгы кооптуулук алып келген ким экендигин эч качан унутпагыла", — деп айтылган текстте.
Элчилик Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн "АКШнын бомба таштаган жерлери: демократиянын дүйнөлүк туру" деп аталган сүрөттөгү твитине комментарий калтырган. Анда Америка бийлиги согуш ачкан чет өлкөлөр – Кореядан тарта Сирияга чейинки 33 мамлекет тизмектелген. Пекинден, булар болжол менен алганда планетанын 3/1 бөлүгү экендигин белгилеген.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмундагы Кытайдын өкүлү Чжан Цзюнь Коопсуздук кеңеши Украинадагы россиялык операцияны сындаган резолюция кабыл алганда кошулуп добуш берген эмес. Ал РФтин коргонуу тармагындагы кооптонуусу негиздүү экендигин айткан.
"Бир өлкөнүн коопсуздугу башка мамлекеттердин коопсуздугунун жок болушунан улам камсыз болбой тургандыгына ишенебиз. НАТОнун кеңейишинин беш толкунунун фонунда Россиянын коргонуу тармагындагы күткөн нерсесине көңүл бурулушу керек жана алар тиешелүү деңгээлде канааттандырылышы шарт", — деген атайын өкүл.
Мурдараак ТИМ башчысы Ван И НАТОнун чыгыш тарапка улам кеңейип жатканынан улам Россия коргонуу жаатында койгон мыйзамдуу талаптарга тиешелүү деңгээлде маани берилиши керектигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: SWIFT Европа өлкөлөрүнүн санкция боюнча чечимин аткарууга даяр