Тасма тартуу үчүн үйүн күрөөгө да койгон. Эрнест Абдыжапаровдун сүрөттөрү

Бүгүн белгилүү кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун туулган күнү. Кинематографист 61 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу киночунун өмүрү, чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров 1961-жылы 27-февралда Фрунзе шаарында төрөлүп, балалыгы Нарын жана Ысык-Көл облустарында өткөн. Мектепти аяктаган соң музыкалык окуу жайда окуп, 1983-жылы борбор калаадагы педагогикалык институтун бүтүргөн. Андан соң беш жылдай орус тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим болгон.
Абдыжапаров 27 жашында айылдагы мектептен кетип, борбор калаага кино менен алектенгени келген. 1988-жылдан баштап режиссёрдун ассистенти, администратор болуп иштеп, 1993-жылы алгачкы даректүү тасмасын жараткан. Кийинки жылдары "Кыргызфильмде" редактор, сценарист, режиссёр болуп иштеген.
Кинематографист толук метраждуу ондон ашык, кыска метраждуу 30га жакын фильмдин автору. Алардын ичинде "Боз салкын", "Айыл өкмөтү", "Таранчы", "Такси жана телефон", "Гаишники", "Саякбай" тасмасы элдин купулуна толуп, бир топ эл аралык фестивалдарды багындырган. Абдыжапаров убагында каржынын жоктугунан бир нече жолу жашаган үйүн күрөөгө коюп фильм тарткан жайы бар.
Сценаристтин тун кызы Гүлкайыр Америкада иштейт. Ал эми уулу Санжар келинчеги менен кино жаатында эмгектенсе, дагы бир кызы Перизат жолдошу менен атасынын жардамчысы. Ал эми кичүү кызы ата-энеси менен айылда жашап, мектепте билим алат.
1 / 13

Режиссёр 1993-жылы алгачкы даректүү тасмасын тарткан

2 / 13

Студенттик кез. 1979-жыл

3 / 13

Жаңы баш кошкон түгөйлөр

4 / 13

Кезектеги тасманын үстүндө иштеген киночулар

5 / 13

Актриса Элина Абай кызы жана белгилүү режиссёрлор Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров

6 / 13

"Боз салкын" тасмасында башкы ролдорду аткарган ырчы Съездбек Искеналиев, актриса Асема Токтобекова жана кинокартинанын режиссёру

7 / 13

Режиссёр гитара, аккордеон, фортепиано, комуз, домбура, ооз комуз жана урма аспаптарда да мыкты ойнойт

8 / 13

Камера артында иштеген оператор Айбек Жангазиев менен режиссёр Абдыжапаров

9 / 13

Сценарист өзүнүн тасмалары аркылуу коомдогу социалдык маселелерди көтөрүп келет

10 / 13

Жайлоодо кызуу иштеген киночулар: камеранын артында Хасан Кыдыралиев, алардын алдында Абдыжапаров

11 / 13

Көл жээгинде "Саякбайды" тарткан чыгармачыл топ

12 / 13

Киночу толук метраждуу ондон ашык, кыска метраждуу 30га жакын фильм жаратты

13 / 13

Таланттуу инсан жашоосунун көпчүлүгүн элет жеринде өткөрүп, борборго иши болгондо эле келип турат

Тема боюнча:
90 жаштын чайын ичмек. Актёр Орозбек Кутманалиевдин сүрөттө калган элеси
Дооронбек Садырбаевдин доору... Сүрөттө калган ирмемдер
Кыргыздар 100 жыл мурун кантип чер жазган. Архивдик сүрөттөр