Еврокомиссия RT менен Sputnik агенттигинин ишин токтотууну сунуштады

Тизмеге RT, Sputnik жана алардын туунду компаниялары кирмекчи. Европа комиссиясы бул үчүн тийиштүү механизмдерди иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. – Sputnik. Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы операциясына байланыштуу Еврокомиссия Евробиримдиктин аймагында РФтин мамлекеттик ЖМКларынын ишин токтотот. Бул тууралуу ЕК жетекчиси Урсула фон дер Ляйен билдиргенин РИА Новости жазды.

“Биз Европа биримдигиндеги Кремлдин медиа машинасынын ишин токтотобуз”, — деди ал.

Ляйендин айтымында, тизмеге RT, Sputnik жана алардын туунду компаниялары кирмекчи. Европа комиссиясы бул үчүн тийиштүү механизмдерди иштеп жатат.
Sputnik агенттигинин маалымат кызматы ЕКтин мындай чарасына төмөнкүдөй комментарий берди:
“Биз Европа биримдигине ушуну менен токтоп калбастан интернетке дагы тыюу салууну сунуштайбыз”.
Мамдума: Россиянын эл аралык резервине санкция киргизүү уурулукка жатат
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин россиялык армиянын күчтөрүн өзгөчө режимге өткөрүүнү тапшырды