Утуш ким тарапта? Эки округда добуштар АСУ менен толук эсептелип бүттү

Мыйзам боюнча эң көп добуш алган бир талапкер жеңүүчү деп таанылат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкектин эки шайлоо округунда АСУдан түшкөн маалыматтар толугу менен эсептелип бүттү.
Биринчи май округунан 25 талапкер ат салышты, анын ичинен төмөнкү бешөө алдыга чыкты:
1.
Элвира Сурабалдиева — 9 209 добуш (46.09%);
2.
Нурбек Тотонов — 3 543 добуш (17.73%);
3.
Нурбек Токтакунов — 1 065 добуш (5.33%);
4.
Баарына каршы — 933 добуш (4.67%);
5.
Тахир Мусаев — 736 добуш (3.68%).
Элвира Сурабалдиева
Бул округдан 19 982 жаран өз тандоосун жасады, бул шайлоочулардын 17.67 пайызын түзөт.
Свердлов округунан дагы 25 талапкер жарышка чыгып, анын ичинен төмөнкү бешөө көбүрөөк добушка ээ болду:
1.
Абдурахманхаджи Муртазалиев — 5 797 добуш (17.54%)
2.
Шайлообек Атазов — 5 381 добуш (16.28%);
3.
Аскар Алмаз уулу — 4 176 добуш (12.64%);
4.
Элнура Алканова — 3 024 добуш (9.15%);
5.
Ирина Карамушкина — 3 035 добуш (9.18%).
Абдурахманхаджи Муртазалиев
Бул округдан 33 047 жаран өз тандоосун жасады, бул шайлоочулардын 31.02 пайызын түзөт.
Мыйзам боюнча эң көп добуш алган бир талапкер жеңүүчү деп таанылат.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары шайланган. Добуш берүү жаңы система менен өтүп, 54ү партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу округдан элдин элегинен өтүштү. Ал эми Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Мындан улам кайра шайлоо дайындалган.
Бишкектеги эки округда жеңиш ким тарапка ооп жатат. АСУнун алдын ала жыйынтыгы