Беларуста референдум өттү

Президенттин, парламенттин ыйгарым укуктары боюнча Беларустун Баш мыйзамына өзгөртүү кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Беларустун Баш мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча жалпы элдик добуш берүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргенин Sputnik Беларусь кабарлады.
Күн жарымында шайлоо тилкелерине келген жарандардын саны жалпы добуш бере тургандардын 52,85 пайызын түзгөн.

Референдум-2022

Жалпы элдик добуш берүү 27-февраль, 8:00дөн 20:00гө чейин болору пландалган. Мөөнөтүнөн мурда добуш бергендер бүгүн шайлоо тилкелерине киргизилген жок. Референдумга Беларустун Конституциясына өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө жарандардын макул же каршы экени боюнча бир суроо коюлган.
Өлкө аймагында 5 510 шайлоо тилкеси уюштурулган, алардын ичинен 217си санаторийлерде, ден соолукту чыңдоочу жайларда, ооруканаларда жана медициналык жардамды стационардык шартта көрсөткөн башка жайларда болгону кабарланды. 12си аскер бөлүктөрүндө уюштурулган.
Беларустун Баш мыйзамына өзгөртүүнү президенттин, Бүткүл беларустук элдик жыйын менен парламенттин ыйгарым укуктары боюнча киргизишкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Минскидеги Россия делегациясы Украинанын жообун канчага чейин күтөрүн айтты
Лукашенко: Беларуста президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу мүмкүн