БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Украина Россия менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымына таянып, РИА Новости жазды.
Песков Россиянын аскердик операция боюнча планы кайра жанданганын билдирип, бүгүн күндүз негизги күчтөрдү тартуу уланганын кошумчалаган.
Эске салсак, кечээ, 25-февралда, Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия лидери Владимир Путинге Донбасс боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган. Кийинчерээк Россия Украина менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин РФ президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирген.
26-февралда РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украина Россия менен Минскиде сүйлөшүү жүргүзүү идеясын кайра карап жатканын билдирген.