Медведев: санкция киргизген мамлекеттер менен мамилени карап чыгыш керек

Саясатчы Россия стратегиялык туруктуулукка байланыштуу эл аралык макулдашуулардан баш тартышы ыктымал экенин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россияга каршы санкция киргизген мамлекеттер менен мамилени аягына чейин карап чыгуу керек. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведевдин айтымына таянып, РИА Новости жазды.
"Жакшы жаңылык дагы бар. Санкциялар аны киргизген мамлекеттер менен бардык мамилени карап чыгууга жакшы шылтоо болушу ыктымал. Мындан тышкары, стратегиялык туруктуулук боюнча диалогду үзүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн", — деп жазган ал "ВКонтакте" баракчасына.
Саясатчы Россия стратегиялык туруктуулукка байланыштуу эл аралык макулдашуулардан баш тартышы ыктымал экенин кошумчалаган.
"Бардыгынан баш тартса болот. Анын ичинде Барак Обама экөөбүз түзүп, кийин Владимир Путин менен АКШнын азыркы президенти тарабынан узартылган СНВ-3 келишими бар. Ага азыркы шартта эмне зарылдык", — деген Медведев.
Ал дипломатиялык мамилелер деле кереги жок болуп калганын, элчиликтерди жаап салуу керектигине токтолуп, кызыктын баары алдыда экенин белгилеген.
Эске салсак, Украинадагы абалга байланыштуу айрым Батыш өлкөлөрү жана АКШ Россияга каршы бир топ санкцияларды киргизип койгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Анти-Россия идеясы талкаланууда. Эми Батыштан эмнени күтүүгө болот?