Казарманда кар көчкү алдында калган кытай жаранынын сөөгү табылды

Учурда дагы эки кытай жаранын издөө иштери уланып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган дагы бир адамдын сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, табылган адам кытай жараны. Эске салсак, буга чейин саат 12:30дар чамасында куткаруучулар 24 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгүн табышкан.
"Бүгүн издөө жана унаа жолду тазалоо ишинин натыйжасында саат 15:30дарда бир кытай жаранынын (аты-жөнү такталууда) сөөгү табылды. Учурда дагы эки кытай жаранын издөө иштери уланып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Түндүк — Түштүк (Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад) альтернативалуу унаа жолунун 332 жана 338-чакырымдарында кар көчкү түшүп, Казарманды карай жолду тазалап жаткан төрт адамды техникасы менен көчкү басып калган. Алардын бирөө кыргыз жараны, үчөө кытай жараны экени айтылган. Учурда экөөнүн сөөгү табылды.
Көчкү басып калган эки киши. Чаткалда болгон каргаша видеого түшүп калган