Казарманда көчкү алдында калган 24 жаштагы жолчунун сөөгү табылды

ӨКМ калган үч адамды издөө иштери уланып жатканын билдирип, ага ӨКМдин 74 куткаруучусу, Кытайдын China Road компаниясынын атайын жети техникасы тартылганын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган төрт адамдын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, табылган киши 24 жаштагы кыргыз жараны.
"Куткаруучулардын тынымсыз иштеринин жыйынтыгында 26-февраль күнү саат 12:30дар чамасында 24 жаштагы К.А. аттуу кыргыз жаранынын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ калган үч адамды издөө иштери уланып жатканын билдирип, ага ӨКМдин 74 куткаруучусу, Кытайдын China Road компаниясынын атайын жети техникасы, УКМКнын Чек ара кызматынын төрт кызматкери тартылганын кошумчалады. Ошондой эле Тез жардам кызматынан бир бригада жана ЖКККББнын төрт кызматери иштеп жатканы айтылды.
Эскерте кетсек, Түндүк — Түштүк (Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад) альтернативалуу унаа жолунун 332 жана 338-чакырымдарында кар көчкү түшүп, Казарманды карай жолду тазалап жаткан төрт адамды техникасы менен көчкү басып калган. 24-февралда жана 25-февралда куткаруучулар кар көчкү алдынан эки унаа табышкан.
Көчкү басып калган адамды досу сактап калды. Чочуткан видео