Бүгүн Бишкектин эки округунда “жымжырт күн”, эртең шайлоо өтөт

Эки округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 51 талапкер ат салышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бүгүн — Биринчи май жана Свердлов округдарында шайлоо алдындагы "жымжырт күн".
Ага ылайык, саат 8:00дөн баштап талапкерлердин үгүт иштери токтотулду. Жарандар эртең, 27-февралда, шайлоого келип жактырган талапкерине добуш беришет.
Мындан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет-сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт. Көчөлөргө илинген баннерлер да алынышы шарт.
Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүүдөн бир күн мурун саат 18:00дө токтотулат.
Мыйзамга каршы үгүт иштери жүргүзүлгөн учур катталса тиешелүү чаралар колдонулат.
Биринчи май округундагы 26, Свердлов округунан 25 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууда.
Эки округдан депутаттыкка аттанган 52 талапкер бюллетендеги номерин тандады