Доллар арзандап, алтын кымбаттады. 26-февралга карата баалар

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өткөн суткада евро менен доллардын курсу төмөндөп, алтын куймалар кымбаттады. Ал эми май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат.
АКШ акчасы эки сомго арзандады. Сатып алуу 87,3 сом болсо, сатуу — 88,3 сом. Еврону сатып алуу — 98,79 сом, сатуу — 100,31 сом. Бүгүн рублдин баасы туруктуу. Аны сатуу — 1,017 сом, сатып алуу 1,148 сомдун чегинде.
Күйүүчү май мурдагы күндөрдөгү баасы менен сатылып жатат.
"Бишкек Петролеум":
АИ-92 — 59,9 сом;
АИ-95 — 64,5 сом;
Дизель майы — 60,9 сом.
"Газпром нефть Азия":
АИ-92 — 60,9 сом;
АИ-95 — 64,9 сом;
Дизель майы — 61,9 сом.
Алтындын баасы көтөрүлүп, 1 граммы 461 сомго кымбат сатылууда.
Кыргызстанда доллардын курсу мындан ары кандай болору божомолдонду