Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Путинге Донбасс боюнча сүйлөшүүнү сунуштады

Буга чейин Зеленский Франция башчысы Макронду Путин менен сүйлөшүп берүү туурасында суранып, бирок ал оңунан чыкпаганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Россия лидери Владимир Путинге Донбасс боюнча сүйлөшүүнү сунуштады. Бул туурасында ал теледен элге кайрылуу учурунда айтты.
"Россиянын президентине дагы бир ирет кайрылгым келет. Украинанын бардык аймагында согуш жүрүп жатат. Келгиле, адам өлүмүн токтотуу үчүн сүйлөшөлү", — деген ал.
Мындан бир аз мурда Зеленскийдин кеңсеси Украина Россия менен нейтралдуу макам боюнча сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген.
Андан мурдараак Франциянын президенти Эммануэль Макрон Владимир Зеленскийдин өтүнүчү менен Россия президенти Владимир Путинге чалганы кабарланган. Ал "Зеленский аскердик иш-аракеттердин эртерээк бүтүшүн суранып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөнүн, Украина президенти РФ лидери Путин менен байланыша албагандыгын" айткан. Макрон бул сүйлөшүүдөн жыйынтык болбогонун кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Украинадагы атайын операциясы. Максат — демилитаризация