Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россия Батыштын жаңы санкцияларына даярданган

Владимир Путин азыр Украинада болуп жаткандардын бардыгы — аргасыз чара экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия учурдагы кырдаалга даярданып, тобокелдиктерди талдаган. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин бизнесмендер менен жолукканда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз бардыгыбыз, сиздер дагы, кандай дүйнөдө жашап жатканыбызды билебиз. Азыр болуп жаткан чектөөлөргө жана санкциялык саясатка даярданганбыз", — деди Путин.
Ал Украинада болуп жаткан көрүнүштөрдүн бардыгы — аргасыз чара экенин белгилеген. Анын айтымында, Россияга башка аракеттерди көрүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк берилген жок.
24-февралдын таңынан тарта, Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача, курчуган өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Ал арада бир катар батыш мамлекеттери бул чечимди сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырды.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып жатып Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.
Евробиримдик Россияны SWIFT системасынан чыгарууну талкуулап жатат