Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО бүгүн Украинадагы абал боюнча чукул жыйын өткөрөт

24-февралдан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштаган. Владимир Путин Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. НАТО Украинадагы кырдаал боюнча жума күнү шашылыш жыйын өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында кабарланды.
"НАТОнун чукул саммити видеоконференция форматында өтөт. Ага уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг төрагалык кылат", — деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 20:00гө белгиленген.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Ал арада бир катар батыш мамлекеттери бул чечимди сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырды.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын ири банктарына чектөө киргизилет. Байдендин билдирүүлөрү