Мээрим Жуманазарова Түркиядагы эл аралык турнирде күмүш медаль утту

Жуманазарова Токио Олимпиадасынын чейрек финалында дагы ушул атаандашына утулуп калган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Түркияда өтүп жаткан Yasar Dogu эл аралык турниринде күмүш медалга ээ болду.
Ал финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен кез келип 3:0 эсебинде жеңилип калды. Жуманазарова пассивдүү күрөшкөнү үчүн атаандашына эки упай берилип, андан соң тегерек чийинден сүрүлүп чыгып дагы бир упай алдырып жиберди.
Натыйжада кыргызстандык спортчу күмүш медалга ээ болуп калды.
Ал жарым финалда эзелки атаандашы, россиялык Ханум Велиеваны жеңип, алтын үчүн күрөшүүгө жолдомо алган болчу.
Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова былтыр Токио Олимпиадасынын чейрек финалында дал ушул Блессинг Оборудудуго утулуп калган эле.
Беделдүү эл аралык Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турнири Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жатат.
Айпери Медет кызы Түркияда үч атаандашын катары менен жеңип, финалга чыкты. Видео
Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы турнирде чыгары менен жеңилип калды