Россия Кыргызстандын бюджетин колдоого 10 млн. доллар бөлдү

Жапаров Россия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн коопсуздук, саясат, экономика, аскердик-техника жана маданий-гуманитардык жаатта чоң мааниге ээ экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Былтыркы жылдын аягында Россия Кыргызстанга бюджетти колдоо үчүн 10 миллион доллар бөлгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушуу учурунда билдирди. Стенограмма Россиянын өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.
Эске салсак, жолугушуу Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Казакстандын борборунда болгон.
"Россия менен кызматташуу биз үчүн коопсуздук, саясат, экономика, аскердик-техника жана маданий-гуманитардык жаатта чоң мааниге ээ. Бул жакка чыгар алдында президент Садыр Жапаров менен жолуккам. Ал "биз Россия менен 200 жыл чогуу болгонбуз, дагы 300 жыл аны менен бирге болууга даярбыз" деп айтты. Ар дайым чогуу бойдон кала беребиз", — деген Акылбек Жапаров.
Ал Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын белгилеген.
"Былтыркы жылдын аягында бюджетти колдоого 10 миллион доллар бөлгөндүгү үчүн Россия тарапка учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирип өтөйүн", — деген ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берерин айтып, бул өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин кошумчалаган.
Казакстанда Жапаров менен Мишустин жолукту. Эмне кеп болду