БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия 25-февралдан тарта Facebook тармагына жарым-жартылай чектөө киргизүү чарасын колдонот. Бул туурасында Роскомнадзор маалымдады.
“Башкы прокуратура ТИМ менен макулдашуунун натыйжасында Facebook социалдык тармагын адамдардын негизги укуктарын жана эркиндигин, ошондой эле Россия жарандарынын укуктары менен эркиндигин бузууга тиешеси бар деп таануу боюнча чечим кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 24-февралда, Facebook РИА Новости агенттигинин баракчасын негизсиз чектеп койгон. Мындан сырткары, Роскомнадзор бир күндүн ичинде россиялык ЖМКлардын төртөө: "Звезда", РИА Новости, "Лента.ру" жана "Газета.ру" цензурага кабылганын билдирди.
Ведомство мындай чектөөлөр маалыматка эркин жетүү жана аны таратуу принциптерине доо кетирерин белгиледи. Соцтармактын жетекчилиги аталган Meta Platforms компаниясы тарабынан мунун себебин түшүндүргөн эмес. Роскомнадзор цензурага кабылган россиялык ЖМКларды блоктон чыгаруу талабына да жооп болбогонун кошумчалады.