БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. 27-февралдан тарта ордо калаада бир нече көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери кайра башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолдор Кытай грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабынын алкагында жасалмакчы.
Муниципалитет оңдоп-түзөлө турчу көчөлөр чекесинен убактылуу жабыларын айтып, алардын тизмесин сунуштады.
Ташкент көчөсү, Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
Ак-Босого конушундагы Архитекторлор көчөсү, Киргизия жолунан Кичи Чүй каналына чейин;
Кулатов көчөсү, Каракөл көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;
Ынтымак конушундагы Стадионная көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн Магистраль көчөсүнө чейин;
Чортеков көчөсү, Жайыл баатыр көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
Арча-Бешик жаңы конушундагы Баба-Ата көчөсү, Бакаев көчөсүнөн Садырбаев жолуна чейин;
Ак-Өргө конушундагы Жолон көчөсү, Ашар көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
Түгөлбай ата көчөсү, Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
Коёнкөзов көчөсү, Бөкөнбаев көчөсүнөн Чуйков көчөсүнө чейин;
Чүй проспектиси, Ауэзов көчөсүнөн Учкун жаңы конушунун аягына чейин;
Гидростроитель көчөсү, Курманжан датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин;
Сухэ-Батор көчөсү, Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;
Карасаев көчөсү, Байтик баатыр көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин;
Кривоносов көчөсү, Лев Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көчөсүнө чейин;
Бектенов көчөсү, Карасев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;
Маликов көчөсү, Гагаринден Лев Толстойго чейин;
Тимур Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев жолуна чейин;
Арча-Бешик конушундагы Шералиев көчөсү, Жайыл баатыр көчөсүнөн Ахунбаев жолуна чейин;
Манас көчөсү, Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;
Мессароша көчөсү, Дэн-Сяопин көчөсүнөн Жамгырчинов көчөсүнө чейин;
Эр-Тайлак көчөсү, Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейин;
Жантөшев көчөсү, Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;
Жайыл баатыр көчөсү, Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (Арча-Бешик жаңы конушу);
Өмүр көчөсү, Тимур Фрунзе көчөсүнөн Ашар жолуна чейин;
Мэрия көчөлөрдүн көп бөлүгү былтыркы жылдан калганын эске салып, келтирген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан жана коноктордон кечирим сураган.