Укмуш ыкмаларды жасап... Айпери Медет кызы Түркиядагы турнирден алтын алды. Видео

Медет кызы финалда австралиялык спортчу менен күрөшүп 6:4 эсебинде жеңип алды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан Yasar Dogu эл аралык турниринде алтын медаль утту.
Ал финалда австриялык Мартина Кюнц менен күрөшүп 6:4 эсебинде жеңип алды.
Биринчи бөлүктө кыргызстандык балбанга атаандашы пассивдүү күрөшкөнү жана тегерек чийинден сүрүп чыкканы үчүн эки упай берилди. Экинчи бөлүктө австриялык спортчу чыйралып Медет кызынын артына өтүп басып, бир айландырып төрт упай алды. Андан соң Медет кызы дароо төрт упайлык ыкма жасоо менен жооп кайтарды.
Медет кызы 76 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, беттештерин 1/8 стадиясынан баштады. Алгач россиялык Кристина Шумованы 10:0, андан кийин Екатерина Букинаны 5:3 эсеби менен утту. Ал эми жарым финалда Германиядан келген спортчу Франци Рейделтти 6:1 эсебинде ишенимдүү жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган.
Беделдүү эл аралык Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турнири Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жатат.
Мээрим Жуманазарова Түркиядагы эл аралык турнирде күмүш медаль утту
Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы турнирде чыгары менен жеңилип калды