Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Мирбек Кожоев иштен бошотулду

Кожоев Ысык-Көл облусун 2021-жылдын июль айынан бери жетектеп келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев иштен бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Мирбек Кожоев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Кожоев Ысык-Көл облусун 2021-жылдын июль айынан бери жетектеп келе жаткан.
Бишкек шаарына жаңы мэр дайындалды