Сүт ичип ал! Өзбек окумуштуулары COVID-19га каршы жаңы ыкма сунуштоодо

Сөз болуп жаткан сүт Өзбекстан менен Кытай биргелешип жасаган ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы сайылган малдан саап алынууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Өзбекстандык окумуштуулар коронавирусту алдын алуу үчүн эмделген уй менен эчкинин сүтүн ичүү керектигин айтууда. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан сүт Өзбекстан менен Кытай биргелешип жасаган ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы сайылган малдан саап алынууда.
"Илимпоздор COVID-19га каршы эмделген же ооруп айыккан жаш энелердин сүтүндө антитело бар экенин байкашкан. Мунун негизинде эмделген эчки менен уйдун сүтү дагы коронавируска каршы иштей алат деген бүтүмгө келишкен", — деп айтылат билдирүүдө.
Экспериментке катышкан жаныбарларга ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынын үч дозасын сайышкан. Биринчи доза сайылган малдын сүтүндө бир нече апта өткөн соң антитело пайда боло баштаганы аныкталган.
Мындан улам окумуштуулар сүттү пассивдүү эмдөө катары сунуштап жатышат.
Иммунолог: "Спутник V" алгандардын антителосу бир жылга чейин сакталат